Линктер

бейшемби, 21-февраль, 2019 Бишкек убактысы 22:11

Быйыл биринчи класска 150 миңге жакын бала барды


1-сентябрь, Бишкек

2018-2019-окуу жылында Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын бала аттады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өлкөдө жалпысынан 2262 мектеп балдарды окутарын “Азаттыкка” билдирди.

Декабрга чейин 78 мектеп, бала бакча курулуп, 56 мектеп капиталдык ремонттон өткөн.

Жусупбекова Токтогул районунун Өзгөрүш айылында мектептин эски корпусу жарактан чыгып, жаңы корпуста ашкана жок болгондуктан, балдар убактылуу боз үйдөн тамактанып жатканын билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG