Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Акаев: Жээнбековдун тышкы саясаттагы кадамдарын колдойм


Жергиликтүү Элет.media сайты өлкө эгемендигинин 27 жылдыгына карата Кыргызстандын тунгуч президенти, кийин тактан кулап Орусияга качып кеткен Аскар Акаевдин азыркы бийликке көз карашы, тышкы карыз, коомдук саясий абал боюнча маегин жарыялады.

Анда Акаев президент Жээнбековдун тышкы саясаттагы кадамдарын колдоорун, бул өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалына оң таасир этерин айткан.

Мындан тышкары Акаев “өлкөдө исламдашуу процесси тездик менен жайылып, радикалдык күчтөрдүн пайда болушу тынчсыздандырат” деген пикирин билдирген.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1991-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартында элдик төңкөрүштүн күчү менен бийликтен кулатылган жана Орусияга качкан. Андан бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG