Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Көчмөндөр оюндарына үч өлкөнүн президенттери катышат


2014-жылдагы Көчмөндөр оюндары.
2014-жылдагы Көчмөндөр оюндары.

Ысык-Көлдөгү үчүнчү дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылышына Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Орусияга караган Татарстан республикасынын президенти Рустам Минниханов бараары күтүлүп жатат.

Расмий маалыматка караганда, мындан тышкары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки да катышаары күтүлүүдө.

Булардын ичинен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-сентябрда эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга келген.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 2-сентябрда кечки саат 8де башталат.

Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн 40тай өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG