Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Жээнбеков түрк ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды


Режеп Тайип Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков. 1-сентябрь, 2018-жыл. Бишкек.
Режеп Тайип Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков. 1-сентябрь, 2018-жыл. Бишкек.

Бишкекте бүгүн, 2-сентябрда кыргыз-түрк бизнес-форуму өтүп, ага эки өлкөнүн ишкерлери менен катар президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган да катышты.

Расмий маалыматка караганда, форумда сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков түркиялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга чакырды. Жээнбековдун белгилешинче, 1994-жылы эки мамлекеттин соода жүгүртүүсү болгону 20 миллион долларды түзсө, акыркы 23 жылда бул көрсөткүч 18 эсе көбөйүп, 2017-жылы 356 миллион долларга жетти.

- Ошону менен бирге соода-сатык багытындагы мүмкүнчүлүгүбүз толук колдонулбай жатат деп эсептейм. Эки өлкө ортосундагы товар айлантуу 1 миллиард долларга жетиши үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Кыргызстан Түркияга экологиялык таза, органикалык азык-түлүктөрдү экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр, - деген Жээнбеков тараптардын инвестициялык кызматташтыгы өнүгүп жатканын кошумчалады.

Форумга Түркия менен Кыргызстандын ар кайсы тармактардагы компанияларынын өкүлдөрү катышууда.

Түрк президенти Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен 1-сентябрда келди.​

XS
SM
MD
LG