Бишкектеги Кыргыз-түрк "Манас" университетинде медицина факультети ачылат.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда факультеттин имаратынын курулушуна капсула салышты.
Андан кийин эки президентке университеттин "Ардактуу доктору" наамы берилди.
Эрдоган Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен 1-сентябрда келди.