Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:26

Көчмөндөр оюндарында 594 медал ойнотулат


Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. Чолпон-Ата шаары. Кыргызстан. 2016-жыл.
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. Чолпон-Ата шаары. Кыргызстан. 2016-жыл.

Ысык-Көлдөгү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 594 медал ойнотулат.

Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында билдиргендей, медалдардын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло.

Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 миллион сом деп эсептелди.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 2-сентябрда кечки саат 8де башталат. Оюндар 8-сентябрга чейин уланат.

Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн 40тай өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG