Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Сауд Арабия Йемендеги аба чабуулу “катачылык” болгонун мойнуна алды


Йемен мамлекети.
Йемен мамлекети.

Йемендеги согушта эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдоп, иранчыл хусит топторуна каршы чабуулдарды жасап келаткан Сауд Арабия баштаган араб өлкөлөрүнүн коалициясы августта карапайым адамдардын өмүрү кыйылган аба чабуулун "катачылык болгон" деп атады. Аба чабуулу ал кезде, чалгын кызматтарынын маалыматына ылайык, ичинде хуситтердин лидерлери баратат делген автобуска урулган. Кийин автоунаада бараткандар жайкын тургундар, көпчүлүгү балдар экени маалым болгон.

Жалпысы 51 киши, анын ичинде 40 бала көз жумган окуяны эл аралык коомчулук айыптап, Бириккен Улуттар Уюму иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Коалиция аба чабуулун уюштурууга жооптууларды "жазалоону" убада кылууда.

Сауд Арабиянын бул аба чабуулун катачылык деп атоосу ушул жумада БУУда Йемендеги каршылашкан тараптар аскердик кылмыштарды жасаган болушу мүмкүн деген билдирүүдөн кийин болуп отурат.

XS
SM
MD
LG