Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин жаңы башкы катчысы бекитилди


Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жаңы башкы катчысы болуп Казакстандын өкүлү Багдат Амреев бекитилди. 59 жаштагы Амреев буга чейин казак премьер-министринин кеңешчиси болуп иштеген. Кесиби дипломат. Казакстандын Түркиядагы, Ирандагы элчиси катары да эмгектенген.

Буга чейинки башкы катчы Рамил Гасан иштөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматын тапшырды.

3-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити башталды. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулушу ыктымалдыгы айтылууда. Венгрияга Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешине байкоочу өлкө деген макам берилери да кабарланган.

Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити 2010-жылы расмий түрдө ишин баштаган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө.

Жаңы башкы катчы Багдат Амреев билдиргендей, саммиттин декларациясына кол коюлду жана түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды. Анын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык органдары реформаланат. (BkA)

XS
SM
MD
LG