Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:33

АКШ Ооганстанда ИМдин жолбашчыларынын бири өлгөнүн ырастады


Ооган коопсуздук күчтөрү Кабулда жанкечти жасаган чабуулдан кийин. 13-август, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар ырастаган маалыматка караганда, “Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы жолбашчыларынын бири Саад Оракзай 25-августта мерт болгон. Ошол күнү Ооганстандан Нангархар провинциясында жасалган аба соккудан Оракзай менен бирге дагы он согушкер жок кылынган.

Абу Саад Оракзай Ооганстанда “Ислам мамлекети” тобунун акыркы эки жылда АКШ баштаган коалициялык күчтөр тарабынан жок кылынган үчүнчү лидери. Буга байланыштуу НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн жаңы командачысы, америкалык генерал Скот Миллер “АКШ жана анын өнөктөштөрү эл аралык масштабдагы операцияларын Ооганстандын аймагынан башкарып, пландап жаткан террордук түйүндөргө кысым көргөзүү ишинде тыным алган жок”, - деп билдирди.

“Ислам мамлекети” тобу быйыл Ооганстандын ичинде жанкечтилердин жайкын тургундарды бутага алган бир нече жардыруулар үчүн жоопкер болду. (UE)

XS
SM
MD
LG