Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

“Левада”: орусиялыктардын жарымы нааразы


Орусияда пенсия жашын көтөрүүгө каршы митингдер уланууда. Калктын нааразычылыгын президент Владимир Путиндин өткөн жумадагы телекайрылуусу да жумшарта албады.

Июлда орусиялыктардын үчтөн бири гана пенсия реформасына каршы митингдерге катышууга даярдыгын билдирген болсо, эми калктын жарымынан көбү – 53 пайызы көчөгө чыгууга даяр. Мындай көрсөткүчтөрдү "Левада-борборунун" акыркы сурамжылоосу көрсөттү.

Буга чейин пенсия жашын көтөрбөөгө убада берип келген Владимир Путин 29-августта элдин нааразычылыгынан улам телекайрылуу жасоого мажбур болду.

Путин пенсия реформасынын зарылдыгын өлкөнүн демографиялык көйгөйлөрү менен түшүндүрүп, аялдарга бир аз жеңилдик каралып, пенсияга 60 жаштан чыгарууну сунуштаган.

- Азыр пенсия реформасын кечеңдетүүгө болбойт, антпесе бир канча жылдан кийин пенсияны төлөп турууга Пенсиялык фонддун бюджетинде каражат жетпей калат, канчалык артка жылдырылган сайын чечимдер ошончолук катаал болушу мүмкүн. Келечекке кенен карай келгенде, биз азыр чечкинсиздик кылсак, анда бул коомдун туруктуулугуна коркунуч келтириши ыктымал, демек өлкөнүн коопсуздугуна да коркунуч болот.

Азыр Орусияда аялдар 55 жаштан, эркектер 60 жаштан пенсияга чыгышат. Орусиянын Мамлекеттик Думасы аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун буга чейин биринчи окуудан жактырган.

"Левада": орусиялыктардын жарымы митингге даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:02 0:00

Экономист Владислав Иноземцев демографиялык жана экономикалык себептер менен түшүндүрүлүп жаткан пенсия реформасы орус бийлиги үчүн улам жаңы көйгөйлөрдү жаратып жатканын белгилейт.

- Азыр бир катар өлкөдө пенсия курагы көтөрүлүп жатат. Аткени, өнүккөн өлкөлөрдө адамдардын өмүрү узарууда. Орусияда андай эмес, орусиялыктардын өмүрү узарып кеткен жок. Пенсияны төлөөгө акча жок дегени күлкүнү келтирет. Ал эми аялдарга шарттарды жумшартабыз дегени эч нерсени өзгөрткөн жок. Бул пенсия көтөрүүнү өкмөт эбак эле пландап, өкмөттүн бюджетин 2025-жылга чейин бекитип койгондой. Бирок бул пенсия реформасы көйгөй чечпестен, орус бийлигине кыйынчылыктарды жаратууда.

Ал эми демограф Анатолий Вишневский Орусияда калктын картайып баратканын белгилеп, мунун эмгек рыногуна, өндүрүшкө таасири жөнүндө суроолорду козгойт.

- Бизде пенсионерлер иштейт. Ден соолугу жакшы болсо, баары эле иштеп жатпайбы. Бул жерде өлкөнүн эмгек рыногу, анын сапаты эмне болот деген суроо жаралат. Ден соолугунан улам пенсия курагына чейин иштей албай калгандар эмне болот? Жаңы жумушчулар кайдан табылат? Ошол эле Москвада иш бар. Ал эми аймактарда улгайгандар ишти кайдан табышат? Муну реформанын авторлору эске алышкан жок.

Пенсия жашын көтөрүүгө каршы акциялар Орусиянын ондогон шаарларында июндан бери уланууда. Акыркысы 2-сентябрда Москва, Владивосток, Новосибирск, Барнаул жана Екатеринбургда өттү.

Москвада коммунисттер уюштурган митингге он миңдей адам катышкан. КПРФ партиясынын башчысы Геннадий Зюганов бийликтегилердин аракетсиздиги өкмөткө ишенимди төмөндөткөнүн сындаган:

- Бюджетте акча жок дегенде, биздин Коммунисттер партиясы бир нече мыйзам долбоор сунуштаганбыз. Минералдык-чийки зат базасын толук өкмөткө алуу, алкоголдук өндүрүшкө мамлекеттик монополияны киргизүү сыяктуу жолдор менен бюджетти толуктоо мүмкүн болчу.

Ушул эле күнү Москванын дагы бир бурчунда "Справедливая Россия" партиясы өз алдынча нааразылык акциясын уюштурган.

Кийинки массалык жүрүш Москвада 9-сентябрга пландалууда. Аны 30 күнгө камакка алынган оппозиционер Алексей Навальный уюштуруп жатат. Москванын бийлиги бул иш-чарага уруксат бере элек.

"Левада-борборунун" социологдору пенсия реформасы боюнча референдум өтсө, калктын 77 пайызы ага каршы добуш берерин белгилешет.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы 25 жылдан бери биринчи жолу Орусияда референдум өткөрүүгө уруксат берген. Бирок жалпы элдик добуш берүүнү уюштурууга 42 аймакта демилгечи топторду түзүп, элдин добушун топтоп, андан кийин каттоодон өткөндөн кийин гана референдум жарыялоого мүмкүн. Мындай иш-чара канча убакытта уюштурулаары белгисиз.

Анткен менен айрым эксперттер элдин нааразычылыгы айласыздыктан басаңдап, "Путиндин пенсия реформасы" сентябрдын аягында Мамдумада кабыл алынаарын, мындай амал башынан уюшулганын айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG