Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Германияда улутчулдукка каршы концертке элүү миңдей адам чогулду


Хемниц шаары. Германия.
Хемниц шаары. Германия.

Дүйшөмбүнүн кечинде Германиянын Хемниц шаарында экстремизмге жана ашкере улутчулдукка каршы концертке элүү миңдей адам чогулду. Жергиликтүү эл муну менен акыркы күндөрдөгү улутчулдардын митингдерин жактабастыгын көрсөтүү ниетинде.

Хемницте оңчулдар 26-августтан тарта бир жума нааразылык акциясын өткөрүштү. Ага 25-августта шаардагы көчө фестивалы учурунда жергиликтүү тургун бычакталып өлтүрүлүп, дагы экөө жараат алганы негиз болду. Кылмышка шектелип сириялык жана ирактык качкындар кармалган.

Хемництеги антимигранттык акцияны уюштургандар - негизинен Европанын исламдашып баратканына каршы ураандары менен белгилүү оңчул-популисттик “Пегида” партиясынын жана Бундестагдагы улутчул “Германия үчүн альтернатива” партиясынын тарапкерлери. Алар Ангела Меркелдин миграциялык саясатын сындап жүрүшөт.

Германия бийлиги толеранттуулук саясатын карманып, өз мекениндеги согуштан качкан жүз миңдеген адамга баш калка берип келет.

Канцлер Ангела Меркел 2015-жылы Жакынкы Чыгыштагы Сирия, Ирак сыяктуу мамлекеттерден, Түндүк Африка менен Ооганстандан 1,3 миллион качкынды жана мигрантты кабыл алууга макул болгон. Улутчулдар буга каршы.

XS
SM
MD
LG