Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Бразилияда президенттикке талапкер бычак жеди


Жаир Болсонару шайлоочулар менен жолугушуу учурунда. 5-сентябрь, 2018-жыл.
Жаир Болсонару шайлоочулар менен жолугушуу учурунда. 5-сентябрь, 2018-жыл.

Жаир Болсанару Бразилиянын чыгышындагы штаттардын биринде шайлоочулары менен жолугуп жаткан учурда бычактан жараат алып, ооруканага түштү. Азыр анын өмүрүнө коркунуч жоктугу кабарланууда.

Окуя бейшемби күнү болгон. Бразилия медиасынын кабарларына караганда, талапкерге бычак шилтеген адам кармалып, кылмышын моюнуна алды.

Бразилиядагы президенттик шайлоо 7-октябрда өтөт. Коомдук пикирди сурамжылоонун буга чейинки жыйынтыктарына караганда, ал 13 талапкердин көч башында жана алгачкы айлампадагы добуш берүүдө шайлоочулардын кеминде 22% колдоосун алышы мүмкүн.

63 жаштагы Болсонару мурдагы десантчы. Саясатчы өзүн өнөктүк учурунда калктын нааразы катмарынын талапкери катары көргөзүп, расистик маанайдагы билдирүүлөрдү да жасап жүрөт. (UE/MTO)

XS
SM
MD
LG