Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

ДКО-2018: жабылыш аземине премьер-министр катышат


Кырчын.
Кырчын.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш аземине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат. Бул тууралуу оюндарды уюштуруу жана өткөрүү катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов “Азаттык” радиосуна билдирди.

2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 8-сентябрда аяктайт. Негизги маданий жана спорттук иш-чаралар Кырчын жайлоосунда өттү. Учурда ден соолукту чыңдоо комплексинде тогуз коргоол, мангала жана овари оюндары жана улуу күрөш боюнча мелдештер өтүп жатат. Жабылыш аземи кечки саат 20:00до Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында мелдештердин программасына спорттун 37 түрү кирген. Ага 70 өлкөдөн 2000ге жакын спортчу катышууда. Анда жалпысынан 594 медалдар топтому ойнотулат. (174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло).

Соңку жыйынтык боюнча, мелдештерде кыргызстандык спортчулар 40 алтын, 30 күмүш жана 30 коло медал (100 медаль) тагынып, биринчи орунда келатат. Экинчи орунда 69 медал менен Казакстан, үчүнчү орунда Орусия. Орусиялык спортчулардын капчыгында жалпы 52 медал болду. Төртүнчү жана бешинчи орун Түркмөнстан (27 - 10 алтын, 5 күмүш, 12 коло) менен Өзбекстанга (33 - 7 алтын, 8 күмүш, 18 коло) тийди. Кийинки орундарда Венгрия, Иран, Монголия, Украина турат. Мелдештерге катышкан 47 мамлекет бир дагы медал ута элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG