Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:09

ДКО-2018: Көчмөндөрдүн улуу күрөшүн Айдын Монгуш жеңди


Айдын Монгуш. Чолпон-Ата. 8-сентябрь, 2018-ж.

Бүгүн, 8-сентябрда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө орусиялык балбан Айдын Монгуш жеңүүчү болду. Ал финалда ирандык Жабер Садежзадени жеңип алды. Байге катары жеңүүчүгө 1 млн. сом акчалай сыйлык, алтын медаль, чемпиондук кур жана аргымак тапшырылды.

Орусиялык балбан финалга чейин жарым чейрек финалда тажикстандык Фархад Анакуловду, чейрек финалда түркмөнстандык Арстан Ыбрайымгулуевди, жарым финалда монголиялык Дорж Анарды жеңип алтын байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнө III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын программасына кирген 13 салттык күрөштө оор салмакта жеңүүчү болгон балбандар катышты. Айдын Монгуш сумо күрөшүнөн чемпион болгон.

2-сентябрда башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бүгүн, 8-сентябрда жыйынтыкталат.

Мелдештин жабылыш аземи кечки саат 8де башталат. Мелдештерге 70тен ашуун өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышты. Байгелер спорттун 37 түрүнөн ойнотулду. (GTu/ECh/SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG