Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Жамангулов: Көчмөндөр оюндары учурунда 60 миңден ашуун чет элдик турист келди


Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. 2-сентябрь, 2018-жыл.
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. 2-сентябрь, 2018-жыл.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө Кыргызстанга 60-70 миңдей чет элдик туристтер келди. Бул 2016-жылдагы оюндардан эки-үч эсе көп. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосундагы ачылышына 2016-жылы 30 миңге жакын адам келген. Быйыл бир күндө, ачылышына эле 150 миңдей адам келди. 2016-жылы Көчмөндөр оюндары учурунда 15-20 миңдей чет элдик жарандар турист катары келген. Быйыл болжол менен 60-70 миңге жакын деп эсептеп жатабыз.

2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бүгүн, 8-сентябрда аяктайт. Аземдин жабылышына премьер-министр Мухаммедкалай Абылгазиев катышары күтүлүүдө. Бул күнү 2020-жылы Көчмөндөр оюндарын өткөрүү миссиясы тапшырылган Түркияга эстафета катары мөңгүнүн суусу тапшырылат.

Жабылыш аземи чет элдик ырчылардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG