Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:27

Финансы министрлигинде ротация болот


Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Финансы министрлигинде ротация системасы башталып, аймактык башкармалыктын жетекчилери алмашат. Бул тууралуу министр Адылбек Касымалиев 7-сентябрда Ысык-Көлдөгү жыйында билдирди. Министрликтин коллегиясына мекеменин республика боюнча аймактык башкармалыктарынын 50дөн ашык жетекчиси, башка кызматкерлер катышты. Анда жарым жылдагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-пландар талкууланды.

“Ротация учурунда кыйынчылыктар болорун түшүнөм, баарыңардын үй-бүлөңөр, үйүңөр бар. Бул маселе комплекстүү жана терең иликтенип, бардык шарттарды эске алуу менен ишке ашат”, - деди Касымалиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Таласта жергиликтүү тургундар менен жолугушууда кадрларды ротациялоо салтын жандандыраарын билдирген. Мамлекет башчы кадрларды өздөрү туулуп-өскөн аймагынан башка жактарга жөнөтүүнү күч органдарынан башташ керек экенин айткан. Президенттин пикиринде, бул кадам аймак аралык ажырымды азайтат. Ушундан кийин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Оштогу өкүлү болуп дайындалган. Президент менен өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеп турган Акылбек Осмоналиев Ысык-Көлгө жетекчи болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG