Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

"The Guardian": жүздөгөн орусиялыктар британ визасынан кол жуушу мүмкүн


Орусиялык миллиардер Алишер Усманов менен "Челси" футбол клубунун ээси Роман Абрамович футболдук таймашта. Лондон, 2009-жыл.
Орусиялык миллиардер Алишер Усманов менен "Челси" футбол клубунун ээси Роман Абрамович футболдук таймашта. Лондон, 2009-жыл.

Британиядагы 700дөн ашуун бардар орусиялыктар “инвестордун визасын” узартууда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы Британиянын Ички иштер министрлигиндеги булактарга таянып жазды. Маалыматка караганда, бул Сергей жана Юлия Скрипалдын Солсберидеги уулануусунан кийин Лондондун Кремль таасирин азайтуу аракетине байланыштуу болушу ыктымал.

Британ бийлиги 2008-жылдан бери орусиялык жана башка чет элдик жарандарга берилген 3 миңден ашуун инвестициялык визаны кайра карап чыгууну пландап жатат.

Арам акчаны адалдоого каршы күрөшүү аракетине багытталып өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, виза алуучу өзү тапкан каражатынын булактарын ачыктап бериши керек. Эгер тиешелүү мекеме каржылык мыйзам бузууларды тапса визадан кол жууйт.

Өткөн аптада британ парламентинин өкүлдөрү карапайым орусиялыктарга виза режимин жеңилдетип, олигархтарга аны алууну катаалдаштырууну сунушташкан.

XS
SM
MD
LG