Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:40

Молдованын президенти жол кырсыгына кабылды


Игорь Додон.

Молдованын президенти Игорь Додон 9-сентябрда баш калаа Кишинёвдон анча алыс эмес жердеги Страшены шаарчасынын жанында жол кырсыгына кабылып, андан жеңил жараат алды. Анын кеңешчиси Максим Лебедински президенттин кортежиндеги унаалар жол эрежесин сактабаган башка унаа менен кагышканын билдирди.

Президент отурган "Мерседес" S-класс үлгүсүндөгү автоунаа аласалып кеткен. Лебедински президент Додондун абалы жайында экенин, ага медициналык жардам кереги жоктугун кошумчалады.

Алгач президенттик автоунаада отурган Додондун апасы жана уулдарынын бири олуттуураак жаракат алганы кабарланган. Бирок Кишинёвдогу оорукананын жетекчилиги алардын абалы канааттандыраарлык экенин билдирди.

Орусияга ыктаган саясаты менен таанымал Игорь Додон 2016-жылы президент болуп шайланган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG