Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Суицидге барганы айтылган прокурордун сөөгү 11-сентябрда коюлат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин сөөгү 11-сентябрда өзү туулган Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында жерге берилет.

Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти. Төрө Кожошевдин сөөгү 10-сентябрда эртең менен Ош шаарынын четиндеги Фуркат айылында өзү жашаган үйдөн табылган. Анын асынып өлгөнү айтылган.

Башкы прокуратура Кожошевдин суицидге барганын ырастап, бирок анын өлүмү тууралуу кененирээк комментарий бере элек. Териштирүү, иликтөө иштери жүргүзүлө турганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG