Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Сенцов: Үмүт жок, бирок мен багынбайм


Украиналык режиссер Олег Сенцовдун саламаттыгы күндөн күнгө начарлап баратат. Бул жөнүндө бөлөсү Наталья Каплан 10-сентябрда "Фейсбукка" жазды. Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп Орусия соту тарабынан 20 жылга кесилген режиссер 121 күндөн бери ачкачылык кармап келатат.

Сенцов бөлөсү Наталья Капланга абактан жазган катында “абалым жаман, эми аба жетпей гипоксия болуп атам, башым тумандап, тегеренип, бүт денем, буту-колум селейип калууда”, – деп айткан.

“Режиссер "бул окуянын оң аяктаарына көзүм жетпей турат, бирок мен багынбайм” – деп акыркы керээзин жазды", - дейт Наталья.

Наталья Каплан июнда Сенцов менен түрмөдө жолугушуп чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

- Ошондо эле алы кетип, жүдөп турган. Араң отуруп, араң сүйлөп жатты. Бирок моралдык жактан ошол эле Олегди көрдүм. Мурдагыдай эле кайраттуу. Бирок, албетте, карып кетти, абдан арыктап калды. Мен аны үч жыл эмес, 15 жыл көрбөгөндөй болдум.

Жакында адвокаты Дмитрий Динзе ачкачылыктан Сенцовдун жүрөк-кан тамыр системасы, бөйрөктөрү, боору жабыркаганын, керебеттен араң туруп жатканын айткан. Адвокаттын ырасташынча, тирүү кармап туруу үчүн глюкоза жана витаминдерди куюп турган колониянын кызматкерлери аны күнүгө ачкачылыктан баш тартууга көндүрүү аракетин көрүшүүдө. Андай терапияга Сенцов өзү макул болгон.

Сенцов отурган түрмө жайгашкан Ямал-Ненецк автономдуу округдун акыйкатчысы Анатолий Сак 6-сентябрда режиссердун абалы менен таанышып чыккан. “116 күн ачка отурган адам үчүн жакшы эле көрүнөт. Дары сайып жардам берүүгө өзү макулдугун берген”, – деп айткан Сак.

2015-жылы Орусиянын соту Сенцовду аннексияланган Крым жарым аралында теракт даярдаган деген күнөө боюнча айыптуу деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал 2014-жылдын май айында кармалган.

Күнөөсү жоктугун айтып келаткан режиссер быйыл 14-майда орус түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялаган. Тарапкерлери жарым аралдын аннексиясына каршы чыккан Сенцов саясий себептерден улам соттолгон деп айтып келатышат.

Сенцовду бошотууну талап кылган акцияга дүйнөнүн булуң-бурчунан маданият ишмерлери, укук коргоочулар жана Батыш лидерлери кошулган.

25-июнда Европа кеңешинин баш катчысы Турбьөрн Ягланд президент Владимир Путинди Сенцовдун айыбын кечирүүгө үндөгөн. Бирок ал өзү ырайым суроодон баш тарткан.

10-сентябрда Польшада укук коргоочу активисттер Сенцовду колдоо акциясын өткөрүштү. Ал күнү Варшавада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктары боюнча жыйыны башталып, Орусиянын өкүлү баяндама жасаган. Конференция өтүп жаткан имараттын жанына чогулган активисттер #SaveOlehSentsov ("Олег Сенцовду куткаргыла") деген жазуу менен футболка кийип, плакаттарды кармап үн чыгарбай турушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG