Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан өлгөндөрдүн саны 68ге жетти


Жанкечтинин жардыруусунан кийин.
Жанкечтинин жардыруусунан кийин.

11-сентябрда Нангархар провинциясында жанкечтинин жардыруусунан өлгөндөрдүн саны 68ге жеткени, дагы 165 киши жараат алганы аныкталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун ооган кызматына жергиликтүү бийликтен кабарлашты.

Жардыруу провинциянын борбору Жалалабад шаары жана Пакистан менен чек арадагы Торхам бекетин бириктирген кан жолдо, эл топтошуп турган учурда болгон. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Жалалабад шаарында акыркы айларда жанкечтилер бир нече жардырууларды жасап, ондогон кишинин өмүрү кыйылган. Бул аймакта “Талибан” кыймылы, “Ислам мамлекети” террордук тобу дагы активдүү. (UE)

XS
SM
MD
LG