Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Европарламент Венгрияны жазалоого макул болду


Премьер-министр Виктор Орбан Европарламентиндеги талкууда. 11-сентябрь, 2018-жыл.
Премьер-министр Виктор Орбан Европарламентиндеги талкууда. 11-сентябрь, 2018-жыл.

Европарламенттин депутаттары Венгрияны жазалоону 12-сентябрдагы олтурумунда үчтөн эки добуш менен колдошту.

Мурдараак Евросоюз Будапешти бийликти бөлүштүрүү принциптерин бузуп, саясий эркиндиктерди чектеп жатканы үчүн айыптаган.

Эми Европа Биримдигинин келишимине ылайык, Венгрияга карата айып процедурасын колдонуу-колдонбоо маселесин Европа кеңеши чечүүсү керек. Эгер ал эреже колдонулса, Венгрия добуш берүү укугунан ажыратылышы да мүмкүн.

Расмий Будапешт өз тарабынан Европарламенттин чечимин саясатчылардын “майда өч алуусу” катары айыптады.

Венгер тышкы иштер министри Питер Сжижарто алар Европарламент чечиминин мыйзамдуулугун талаша турганын белгиледи.

Мурдараак Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа парламентин Будапешти “шантаж” кылып жатканы үчүн күнөөлөгөн.

Алардын баяндамасы “Венгрияны кемсинтип, венгер элинин ар намысына шек келтирүүдө”,- деген Орбан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Брюсселдеги кабарчысы билдиргендей, Европарламенттин жыйыны үчүн Венгрия жана бийликтеги “Фидес” партиясы тууралуу даярдалган баяндамада өлкөдө медиага, улуттук азчылыктарга жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы жасалган чабуулдардын “кеңири тизмеси” келтирилген.

Баяндама авторлору мындай көрүнүштөрдү “Евробиримдиктин баалуулуктарын айдан-ачык бузгандык” деп мүнөздөшкөн.

Орбандын “Фидес” партиясы антимигранттык өнөктүгүнүн аркасында быйылкы шайлоодо парламенттеги орундардын үчтөн экисин утуп алган. (UE)

XS
SM
MD
LG