Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Иран АКШнын соңку айыптоосуна жооп кайтарды


Иран Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Касеми.
Иран Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Касеми.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Бахрам Касеми АКШ анын Ирактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө каршы багытталган кол салуулар үчүн жоопкерчиликти Тегерандын өнөктөрүнө жүктөшүн “таң калыштуу жана чагымчылдык, жоопкерсиздик” деп атады.

Мунун алдында Ак үйдүн 11-сентябрдагы билдирүүсүндө “Иран Иракта ал каражат, курал берип, машыктырган өнөктөрүнүн мындай кол салууларын алдын алуу үчүн эч чара көргөн жок. АКШ биздин кызматчылардын жаракат алуусуна жана өкмөттүк объектилерге зыян тийишине алып келген кандай кол салуу болбосун Тегеранды жоопкерчиликке тартат. АКШ америкалыктардын өмүрүн коргоо үчүн ыкчам жана чечкиндүү жооп берет”,- деп айтылган.

Билдирүү 8-сентябрда АКШнын Ирактын Басра шаарындагы консулдугу ракетадан, ал эми 7-сентябрда Багдаддын америкалык элчилик жайгашкан Жашыл зонасы үч ирет минемоттон атылган соң чыккан.

Бул окуялар учурунда кимдир бирөө жабыр тартканы кабарланган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG