Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Помпео: Москва Пхеньянга каршы санкцияны үзгүлтүккө учураткысы келип жатат


Майк Помпео
Майк Помпео

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео БУУнун Коргоо кеңеши киргизгени турган Түндүк Кореяга каршы санкцияны Орусия үзгүлтүккө учураткысы келип жатат деп айыптады. Бул санкциялар Пхеньянга өзөктүк курал жана баллистикалык ракета жасаганы үчүн киргизилмек.

“Орусия БУУнун Коргоо кеңешинин резолюциясын жана БУУнун комитетинин ишине тоскоолдук аракеттерин активдүү көрүп жатат”, - деди Помпео Мамлекеттик департаменттеги атайын брифингде.

Бул билдирүүгө Орусиянын БУУнун комитетинде атайын докладдын даярдоо процессине кийлигишкени себеп болду. Москванын расмий өкүлдөрү анда "Орусиянын жарандары санкцияны бузду" деген жобону алдырып салууну максат кылганы айтылган.

Майк Помпео АКШ Түндүк Корея өзөктүк куралдан толук баш тармайынча Пхеньянга карата катаал санкцияларды колдоо позициясында кала берерин белгиледи.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Сингапурдагы жолугушуусунан кийин Орусия менен Кытай санкциялардан акырындап баш тартуу маселесин талкуулоону БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылган. Бейшембиде АКШ кытайлык жана орусиялык бир нече фирмаларга Түндүк Кореяга мыйзамсыз каражат которгону үчүн санкция салган. (ErN)

XS
SM
MD
LG