Бишкек шаарынын түштүгүндөгү панораманын айланасында 5 гектардай аянтта чөп жана бадалдар күйүп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Эльмира Шерипова билдирди.
Анын айтымында, кырсык тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө 16-сентябрга караган түнү түшкөн. "Тилсиз жоону" токтотууга өрт өчүрүүчү эки бөлүм тартылып, таңга жуук өрттү толук өчүрүшкөн.
Жабыр тарткандар жок. Өрт өчпөй калган тамекиден чыкканы болжолдонуп жатат.
15-сентябрга караган түнү Бишкек шаарындагы "Мадина" базарында да өрт чыгып, базардын кампасы күйүп кеткен болчу. (ErN)