Кыргызгидрометеорология агенттиги кабарлагандай, 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлерине жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз да өлкөдө жамгыр болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28;
Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29;
Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21 градуска чейин көтөрүлөт.
17-сентябрда Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 26...28 градус жогору болот. (ErN)