Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Жээнбеков: Өкмөт туруктуу иштейт, шайлоо өз убагында өтөт


Кыргызстанда өкмөт туруктуу иштейт, шайлоо өз убагында өтөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушкан учурда айтты.

Мамлекет башчы ишкерлердин сунуштарын жана көйгөйлөрүн уккан соң өкмөт мүчөлөрүнө көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштөөнү тапшырды.

Жээнбеков бир топ көйгөйлөр өз убагында чечилбей келгенине кадрлардын тез алмашканы себеп болгонун билдирди:

- Мен айтып жатам, өкмөт туруктуу иштейт. Шайлоо өз убагында өтөт. Ошондуктан эл, президент койгон милдет, талаптардын үстүнөн иштеши керек.

Ошондой эле президент өнөр жай саясатын аныктоо жаатында Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке караштуу Өнөр жай боюнча комитет түзүлөрүн маалымдады. Дал ушул комитет алдында ишкер чөйрө менен кийинки жылы январь айында жолугушуу өтөт.

Президенттин ишкерлер менен жолугушуусунда мамлекеттик органдардагы, соттордогу коррупция бизнестин өнүгүүсүнө, инвесторлордун келбей жатышына себеп болуп жатканы айтылды. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG