Жалал-Абаддын Сузак районундагы Жоон-Күнгөй айылындагы №28 Таштемир Көчөров атындагы эки кабаттуу мектептин капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкпай, сабактар баштала элек. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Шарипа Тажидинова “Азаттыкка” билдирди.
- Тендер иштериндеги талаш-тартыштан улам билим уясынын имаратын оңдоо жумуштары кечигип башталды. 15-октябрга чейин биринчи кабаты оңдолуп бүтсө окуучулар окууга келет. Калтырылган сабактарды алар күзгү жана кышкы каникул учурунда өтүшөт, – деди Тажидинова.
Жоон-Күнгөй айылындагы №28 Таштемир Көчөров атындагы толук орто мектебинде 560 окуучу билим алат. Тендерде көрсөтүлгөн 23 млн. сом талаш жаратып, териштирүү иштерине байланыштуу капиталдык оңдоо иштери август айында башталган.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, азыр Кыргызстанда 2 262 мектеп бар. Окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңдин тегерегинде. Өлкөнү бүт камсыз кылуу үчүн дагы 600 мектеп курулушу керек. (RsK)