Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:13

Чүйдө дат баскан эски снаряддар табылды


Чүйдүн Сокулук районунда дат баскан эски снаряддар табылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 17-сентябрда Ак жол айылында снаряддар табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Атайын кызматтын, милициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жеринен сегиз даана снаряд тапкан. Алардын баары жарактан чыкканы аныкталды.

Снаряддар полигонго алып барылып, жок кылынат.

XS
SM
MD
LG