Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Cириянын армиясы орустардын учагын кокустан атып салды


Орустардын Ил-20 аскердик чалгын учагы.
Орустардын Ил-20 аскердик чалгын учагы.

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын аба күчтөрү кокусунан орустардын аскердик чалгын учагын Жер Ортолук деңизинин үстүнөн атып түшүрүп, 15 аскер адамы курман болгонун билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Ил-20 учагы «Израил аскерлеринин жоопкерчиликсиз аракеттеринен» улам Сириянын аба күчтөрүнүн бутасына илингенин билдирди.

Дүйшөмбүнүн кечинде Израилдин төрт истребители Латакия шаарындагы жайларга Жер Ортолук деңизи жактан сокку урган.

“Интерфакс” агенттиги Москвадагы Израилдин элчилиги Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартканын жазды.

Он күн мурда Владимир Путин, Режеп Тайип Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеранда жолугуп, Идлибдеги кырдаалды жөндөөгө байланыштуу мунаса таба алышкан эмес. Ал жолугушууда Түркия президенти үч миллиондой калк жашаган аймакка жасалган чабуул кыргынга алып келерин эскерткен. Сирия өкмөтү провинцияны өзүнө кайтарып алууну көздөп жатканын бир ай мурда билдирген.

XS
SM
MD
LG