Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Хемництеги окуядан улам контрчалгын кызматтын башчысы иштен алынды


Хемниц шаарындагы демонстрация. 1-сентябрь, 2018-жыл.
Хемниц шаарындагы демонстрация. 1-сентябрь, 2018-жыл.

Германияда Конституцияны коргоо боюнча федералдык кызматтын же ички контрчалгын мекемесинин жетекчиси Ханс-Георг Маасен кызматынан алынды.

Жергиликтүү медианын кабарлашына караганда, буга Хемниц шаарында ушул айдын башындагы нааразылык акцияларына байланышкан жаңжал себеп болду.

Немис жигит көчө мушташында каза тапкандан кийин оңчул активисттер ири демонстрацияларды уюштурушкан.

Видеолордо айрым демонстранттар түсү европалык эмес адамдарга кол салып жатканын көрүүгө болот. Канцлер Ангела Меркел бул аракеттерди айыптаган.

Бир нече күндөн кийин Маасен "видео калп болушу мүмкүн" деп билдирген.

Буга чейин эле ал оңчулдарга жан тартат деген шектенүүлөр айтылып келген.

Ал эми жогорудагы окуядан кийин Маасенди кызматтан кетирүү талаптары күчөгөн.

Бул арада Хемницте жергиликтүү тургунду өлтүрдү деп шектелген 22 жаштагы ирактык мигрант бошотулду. Иликтөө куралда анын бармак изи жоктугун көргөздү.

Сириялык бир мигрант камакта жатат, үчүнчү шектүүгө издөө салынды. (UE/AA)

XS
SM
MD
LG