Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

АРИС Оштун жайыт комитеттерине мотоцикл таратып жатат


Ош. 19.09.2018
Ош. 19.09.2018

АРИС уюму Ош облусунун жайыт комитеттерине грант катары мотоцикл таратып жатат. Ош облусуна 27, Баткенге 11, Жалал-Абадга 12, жалпысынан 50 даана берилди. Бул тууралуу АРИСтин Ош облустук өкүлчүлүгүнүн аймактык координатору Маратбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоору малды түрдүү ылаңдан коргоо максатын көздөйт.

ЗиД үлгүсүндөгү мотоциклдер Орусияда чыгарылган. Ар биринин баасы 65 миң сомдон.

АРИС буга чейин Ош облусунда жеке ветеринарларга 176 даана мотоцикл жана шаймандарды акысыз берген. Андан сырткары 81 айыл чарба техникасы таратылган.

Жалпысынан 2015-2019-жылдары Ош облусуна 539 миллион сомдук техника берилет. YI

XS
SM
MD
LG