Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова менен Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүсү Нарын Айыптын арызын кароого алды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна укук коргоочу Чолпон Жакупова өзү ырастады.
Анын айтымында, арыз 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына чыгарылган сот чечимдери тууралуу. Жакупова жана Айып БУУнун комитетине Кыргызстанда өз укуктарын коргоонун башка куралы калбай калганын айтып ушул жылдын апрелинде кайрылышкан.
2017-жылдын жазында Башкы прокуратура Zanoza.kg сайтына чыккан "айрым материалдар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 30 миллион сом өндүрүү тууралуу беш доо арыз берген.
Анын негизинде райондук жана шаардык сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.
Жогорку Сот Zanoza.kg сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү 30-ноябрда өзгөртүүсүз калтырган.
Кийин 2018-жылы май айында экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге койгон материалдык доосунан баш тарткан. (КЕ)