Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Башкы прокуратура Эгизбаевдин иликтөөсү боюнча маалымат берди


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Башкы прокуратура “Азаттык” радиосунун “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүндө келтирилген маалыматтар боюнча текшерүүнүн жүрүшү тууралуу суроосуна жооп кат жөнөттү.

Анда Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши Ысык-Көл райондук милициясында тергелип жатканы айтылат.

Ал эми анын “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүнүн негизинде Бишкектеги Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин иши текшерилип, 22-июнда шаардык прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козгогону, учурда аны Финполиция тергеп жатканы маалымдалды.

Ошону менен катар Башкы прокуратура бул агенттикке байланыштуу ага чейин, 8-майда да ушул эле берене менен иш козголгонун, ал да тергелип жатканын билдирди. Бул ишти териштирүү учурунда Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги деп аталган муниципалдык ишкананын жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгын ойлобостон, өзүнө жана башкаларга пайда көрүү максатын көздөп, мыйзам бузганы аныкталганы да айтылды.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев жемкорлукту ашкерелеген бир катар иликтөө өткөргөн. Анын даярдаган ар бир курч көрсөтүүсү коомчулукта кызуу талкуу, резонанс жараткан.

Быйыл 22-июлда Эгизбаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө каза тапты. Милиция жана соттук-медициналык эксперттер ал чөгүп кеткенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG