20-сентябрда Ооганстанда жана Пакистанда диний азчылыкты түзгөн шииттер ашура майрамын белгилеп жатышат. Буга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Ооганстандын борбору Кабулдагы шииттердин райондорунда, мечиттеринде коопсуздук камсыздоого куралдуу ыктыярчы топтор да тартылды. Кабулдун полиция башчысы Басир Мужахид майрамдык диний жөрөлгөлөр өтө турган жерлерде оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынганын, бул машине менен тебелеткен ыктымал кол салууну алдын алуу үчүн жасалганын билдирди.
Акыркы жылдары исламдын сунни багытын карманган "Ислам мамлекети" террордук тобу Ооганстандагы шииттерге каршы бир катар кол салууларды уюштурган.
Кошуна Пакистанда да кол салууларды алдын алуу үчүн полиция көчөлөрдө рейддерди жүргүзүүдө.
Ашура күнүндө шиит мусулмандары Мухаммед пайгамбардын 680-жылы киши колдуу болгон небереси Имам Хуссейнди эскеришет. Анын өлүмү исламдагы шиит агымынын жаралышына жол ачкан. Дүйнөдөгү шииттер үчүн Ашура - куугунтукка каршы күрөштүн белгиси катары мүнөздөлүп келет.
Ашура негизинен Иранда чоң майрам катары белгиленет.