Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:09

Кыргызстанда сегиз айда 36 аял төрөт маалында көз жумган


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Быйыл сегиз айда 36 эне төрөт маалында жана көз жаргандан кийин каза болду. Өткөн жылы ушул убакта 34, жылдын этегине чейин 49 эне өлүмү катталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышкан кеңешмеде билдирди.

Жыйында энелердин жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү талданды. Каратаев кош бойлуулардын өлүмүнүн башкы себептерин атады. Алар: адистерге убагында каттоого турбоо, кош бойлуулардын гипертензивдик абалы, кансыроо, кандын бузулушу, дарыгерлердин катасы, оор акушердик кошумча ооруларда ар тараптуу квалификациялык жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү жабдуулардын жоктугу.

Өмүрбекова энелердин өлүмүн азайтууда сергек жашоо образын жүргүзүү жана кош бойлуу маалында аялдардын дарыгердин көзөмөлүндө болуусу тууралуу калктын маалымдуулугу негизги ролду ойной турганын айтты.

“Көз жарган аялдардын жана ымыркайлардын ден соолугуна байланыштуу ар бир учур тыкыр каралышы керек. Биз эне менен баланын өлүмүн болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Энелердин жана балдардын өлүмү – ар бир өлкөнүн саламаттык сактоо абалынын маанилүү көрсөткүчү”, – деди вице-премьер-министр. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги ымыркайлардын өлүмү да көбөйгөнүн билдирген.

Кыргызстанда жылдын башынан бери бир жашка толо элек 1 627 ымыркай чарчап калды. Былтыр алгачкы сегиз айда өлкөдө бир жашка чейинки балдардын арасында 1 596 өлүм катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG