Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:49

Бүгүн Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө


Нааразылык жараткан көчө аталыштарынын бири.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Быйыл Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын түзүлгөнүнө 20 жыл толду.

2017-жылы өкмөткө караштуу "Кыргызтест" мекемеси түзүлгөн. Анын жобосуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана бул кызматтарды ээлеген адамдар кыргыз тилин талаптагыдай деңгээлде билиши керек. Быйыл тестирлөөдөн мектептин директорлору да өтүшкөн.

Анткен менен мамлекеттик тилге байланышкан кемчиликтер коомдо кызуу талкууланган темалардын бири. Ушул жылы көптөгөн көчөлөрдүн аталыштары одоно ката менен жазылганы коомчулукта катуу талкууланып, Бишкек шаардык мэриянын иши сынга алынган.

Бул талкуу коомчулукта жер-суу аталыштарын бир эле учурда эки башка алфавитте берүү зарылдыгын жана кыргыз тилинде ансыз да кирилл жазмасы менен удаа колдонулуп келаткан латын алфавитин кайрадан реформалоо көйгөйүн да козгогон.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кыргыз тилинен берген тестинин жыйынтыгы да коомчулукта нааразылык жаратып, атүгүл митингдер менен да коштолгон. Суракматов "эл" деген сөздү "эль" деп, "шаар" деген сөздү "шар" деп жазганы Интернетте кызуу талкууга түшкөн. (KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG