Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Кылычбек Султан: Каденова жөнүндө маалымат таратпоого тапшырма берилген


Кылычбек Султанов.
Кылычбек Султанов.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова мас болуп калганына байланыштуу маалыматты таратпоо тапшырмасы президенттик аппараттан берилгенин билдирди.

Ал бул тууралуу 24-сентябрда Бишкектеги атайын маалымат жыйынында билдирди.

- Президенттик аппараттан "Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла" деген көрсөтмө келген. Анын мас болгонун ырастачу далилдер бар. Авиакомпаниянын актысында "Каденова мас болчу" деп жазылган. Күбөлөр, полиция, толтурулган документтер жана башка далилдер бар. Ушул боюнча жана башка ондогон фактылар боюнча маалыматты президентке айтайын десем, киргизбей коюшту. Анын ичинде чет өлкөдөгү элчиликтер кымбат баалуу автоунааларды контрабандалык жол менен алып келген фактылары, Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтерине тиешелүү мамлекеттик номерлердин жана дипломатиялык паспорттордун тиешеси жок адамдарга берилип жатканын да айтайын деген элем, - деди Кылычбек Султан.

Мунун алдында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова өзү Түштүк Кореядан келатып мас абалында учакка отурганын четке кагып, дары ичкенден улам көңүлү айнып кеткенин билдирген.

22-сентябрда Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова каармандын ысымын жана кызматын так атабай өзүнүн баракчасына жазып чыккан. Кийин "Азаттыкка" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ырастаган. Кылычбек Султан экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө аргасыз болуп, рейс бир далай убакытка кечиккенин билдирген.

Бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошоткон.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, сөз болуп жаткан кызматкер "президент Сооронбай Жээнбековдун жээни" деген маалыматты жокко чыгарган. Каденова өзү президент Сооронбай Жээнбековго тууганчылыгы тууралуу маалыматты жана депутат Асылбек Жээнбековдун жардамчысы болуп иштегени тууралуу сурообузду комментарийсиз калтырды. (EBM\ErN)

Кылычбек Султан: Элчиликтерде коррупция бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00

XS
SM
MD
LG