Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

Гонконгдо көз карандысыздык үчүн күрөшкөн партияга тыюу салынды


2014-жылы Кытайдын Гонконгдогу жергиликтүү шайлоолорду көзөмөлдөө аракетине каршы нааразылык акциясы.
2014-жылы Кытайдын Гонконгдогу жергиликтүү шайлоолорду көзөмөлдөө аракетине каршы нааразылык акциясы.

Гонконгдун бийлиги Кытайдан бөлүнүүнү жактаган Улуттук партияга ишмердик жүргүзүүгө тыюу салды. Бул тууралуу “Гардиан” басылмасы жазды. Гонконгдун коопсуздук министри Жон Ли бул уюм мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жаратат деген оюн билдирген.

Тыюу салынган Улуттук партия 2014-жылы Кытайдын Гонконгдогу жергиликтүү шайлоолорду көзөмөлдөө аракетине каршы нааразылык акцияларынын тушунда негизделген.

Эми бул партияга киргендерге айып пул салынат же бир жылга чейин соттолот. Экинчи жолу мыйзам бузууга барса, анда эки жылга чейин камалышы мүмкүн. Партия лидери Энди Чан азырынча комментарий бере элек. Буга чейин ал эркиндикке умтулуу, адам укуктарын коргоо, теңдикке жетишүү тууралуу өз максаттарынан тайбасын билдирген.

“Гардиан” гезитинин жазышынча, бул - 1997-жылы Британия Гонконгду Кытайга өткөрүп бергенден берки биринчи жолу партиянын ишмердигине тыюу салынышы. Гонконг Кытайдын курамына кеңири укуктагы автономия макамы менен кошулган. Анын өз парламенти, шайлоо системасы бар. Ошондой эле сөз эркиндиги жана биригүүгө укугу бар.

XS
SM
MD
LG