Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 21:39

Кара-Сууда ташты кайра иштетүүчү завод ачылды


Вице-премьер-министр Замир Аскаров жаңы заводдун иши менен таанышуу учуру.

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында ташты кайра иштетип чыгаруучу “Умар Групп” деп аталган завод ачылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Анын айтымында, 24-сентябрда өткөн заводдун ачылышына вице-премьер-министр Замир Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ишкананын жетекчиси Калык Жорокулов кабарлагандай, завод жалпы 50 адамды жумуш менен камсыз кылат, учурда анда 22 адам эмгектенип жатат. Завод жылына 150 миң чарчы метр сары ташты чыгарууга ылайыкташкан. Таш Орусия, Өзбекстан жана Казакстанга экспорттолот. Травертин таштары үйдүн сыртын кооздоого пайдаланылат.

Заводду курууга жалпы 1,2 млн. доллар инвестиция салынган. Экинчи фазасын ишке салууга Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алынганы турат. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG