Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Каденованын чыры же кызматтык этика


коллаж.
коллаж.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан 24-сентябрда Бишкекте Зууракан Каденовага байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги, айрым элчиликтердеги коррупция тууралуу кайрылууларды жогорку бийлик укпай жатканын айтты.

Зууракан Каденова өзү тууралуу айтылган соңку маалыматтын баарын четке кагып жатат.

Ал арада Жогорку Кеңеште эмгек жана социалдык өнүгүү министри жана анын орун басарларынын чет өлкөгө сапарларын текшерүү маселеси көтөрүлдү.

Кылычбек Султан Зууракан Каденованын мас экенин ырастаган документтердин баары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгизиевге берилгенин айтып чыкты. Ак үйдөн Каденова тууралуу маалыматты таратпоо тууралуу көрсөтмө болгон деп маалымдады:

- Президенттин аппаратынан "маалыматты таратпагыла" деп чалышты. Бирок маалымат депутат аркылуу эле тарап кеткен. Бул маалыматты "Эйр Астана" деле таратмак. Эгер биз унчукпай койсок, алдап жаткандай болуп калмакпыз. Авиакомпаниянын "жүргүнчүгө учууга мүмкүн эмес, мас, дипломаттык паспорту бар экен, кол коюудан баш тартты" деген актысы бар. Анын мас экени айтылган документтердин баарын премьер-министрге тапшырдым.

Элчи Кылычбек Султан буга чейин Тышкы иштер министрлигиндеги, элчиликтердеги коррупциялык көрүнүштөрдү президенттин өзүнө жеткирейин деп бир канча жолу аракет кылганын, бирок андан майнап чыкпай жатканын белгиледи:

- Кыргыз элчиликтеринде иштеген кызматкерлер чет өлкөлүк жарандардан акча талап кылганы, кымбат баалуу автоунааларды аткезчилик жол менен алып келингени, элчиликке тиешелүү дипломатиялык номерлердин, дипломатиялык паспорттордун белгисиз адамдарга берилип жатканы жана башка фактылар тууралуу айтайын дегем.

Кылычбек Султан: Элчиликтерде коррупция бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00

Президенттик аппарат Кылычбек Султандын билдирүүсү боюнча маалымат таратып, Сеулдагы окуяны жаап-жашыруу жөнүндө эч кимге буйрук берилбегенин кабарлады.

- ЖМКда кыргызстандык чиновниктин катышуусу менен Сеул шаарында болгон окуя тууралуу маалымат чыккандан кийин тийиштүү органдарда ал ким экени жөнүндө маалымат болгон. Президентке бул боюнча маалымат берилгенден кийин ошол эле күнү ал Тышкы иштер министрлигине бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо тапшырмасын берген. Эгерде айтылып жаткан сөздөр чын болсо, ага карата чара көрүү сунушу премьер-министрге берилген. Ошол эле күнү өкмөт башчы ал чиновникти кызматынан бошоткон жана бүт коомчулук бул тууралуу маалым болгон. Андыктан, Сеулдагы окуяны жашыруу тапшырмасын берүү кажети жок эле. Ал күндөрү президенттик аппараттан эч ким Кыргызстандын Сеулдагы элчиси менен байланышкан эмес, - деди мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева.


Зууракан Каденова болсо өзү тууралуу маалыматтын баарын четке какты. Ал учакка отурганга чейин дары гана ичкенин айтууда:

- Мен ичимдик ичкен адам эмесмин. Түштүк Кореяга атайын окууга барганбыз. Акыркы жумаларда жүрөгүм ооруп, диета кармап жүргөм. Жүрөгүм ооруганы үчүн “Корвалол” деген дары ичем. Ошол күнү алты сааттан ашык учат экенбиз деп, бортко отурганга чейин дарынын өлчөмүн көбүрөөк кылып ичип алгам. Андан кийин дагы эки таблетка дары, эки банка кола ичкем. Кардым ач болгону үчүн газ менен дары аралашып, козголуп кетти. Учакка отуруп, курду такканда эле көңүлүм айныды. Алып келип беришкен пакетине кусуп жибердим. Калтырап, титиреп өңүм кубарып кетти. Ошол кезде башка адамдарга мас кишидей көрүнсөм керек. Учактын командири келип "сага бул абалыңда учканга болбойт, асманга көтөрүлгөндө дагы көңүлүң айныйт" деди. Алар мени "кал" дешти, мен кете берейин дедим. Визаңыз проблема болбойт дешкенинен түшүп калып, кайра учмай болдук. Жүктөрдү калтыруу үчүн багажды ачканда учактагы адамдарды да түшүрөт экен, ошого убакыт кетип калды. Кийин капитандан сурасам “эч ким рейстен кечиккен жок, залал келтирүү болгон жок” деди. Өзүм кечээ кайра башка рейс менен учуп келдим.


Каденова иштен бошотулганы үчүн соттошпой турганын кошумчалады. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков менен тууганчылыгы, президенттин иниси, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбековдун бир убакта жардамчысы болуп иштегени тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Буга чейин президенттик аппараттан "Каденова Сооронбай Жээнбековдун жээни" деген маалыматтарды жокко чыгарышкан.

Зууракан Каденова тууралуу Жогорку Кеңеште да сөз болду. 24-сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри, анын орун басарлары мамлекеттик, эл аралык уюмдардын эсебинен чет өлкөгө үй-бүлөсү менен барганы тууралуу маалыматтарды текшерүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, аталган министрликтин адистерин чет өлкөгө чакырган иш-чараларга, окууларга министр жана анын орун басарлары гана барып жатат:

- Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген Зууракан Каденованын кылык-жоругу көп маселенин актуалдуулугун көрсөттү. Адам эс алуу үчүн чет өлкөгө барса, дипломатиялык паспортун колдонгонго укугу жок. Буга чейин бул министрликтин жогорку жетекчилери тууралуу мага абдан көп арыз түшкөн. Мисалы, министр Таалайкүл Исакунова министрликтин эсебинен былтыр Сауд Арабияга күйөөсү, кайната-кайненеси менен барган. Швейцарияга күйөөсү жана баласы менен барып, бирок ал жактагы иш-чарага катышкан эмес. Премьер-министр уруксат бербей койгонуна карабай АКШга иш-чарага барган. Ага күйөөсүн, эки баласын ээрчитип алган. Булар өкмөт башчы уруксат бербей койсо эмгек өргүүгө чыга коюп барып жатышат. Аргентина, Лондон, Санкт-Петербурга да ушундай жол менен күйөөсүн, балдарын алып барган. Анын орун басары Лунара Мамытова адистер чакырылган иш-чараларга өзү барган. Дипломатиялык паспортту эс алууга колдогон учурлар да болгон.


Зууракан Каденованын окуясы мамкызматкерлердин этикасы тууралуу маселени козгоду. Айрым чиновниктердин, депутаттардын чет өлкөгө иш сапар менен баргандагы терс жүрүм-туруму буга чейин деле катталып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG