Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Пакистанда шалга каршы эмдөө башталды


Пакистанда бул жолу 38,6 миллион бала эмделиши керек.
Пакистанда бул жолу 38,6 миллион бала эмделиши керек.

Полиомиелитке каршы өнөктүктүн жетекчиси Сафдар Рананын 24-сентябрда айтканына караганда, бул сапар Пакистанда 38,6 миллион бала эмделиши керек. Анын ичинде Пакистандагы оогандык качкын балдар да эмделет. Ооганстан менен Пакистан шал оорусу эпидемия деңгээлинде калып жаткан саналуу өлкөлөрдөн.

"Пакистан полиомиелитти жоюу боюнча максатына жетүүгө аз калды" деди Сафдар Рана. БУУнун көмөгү менен жасалып келе жаткан эмдөө Пакистанга ооруну көзөмөлгө алууга шарт түзүп, шал илдетине чалдыккан балдардын саны соңку кезде азайды.

Акыркы он жылдан бери жоочулар эмдөө жүргүзүп жаткан адистерге кол салып келет. Алар эмдөөнүн артында мусулман балдарды тукумсуз кылуу аракети турат деп шек санашат.

XS
SM
MD
LG