Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

АКШ Москванын Сирияга ракета жеткирүү чечимин талкуулоого чакырды


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Нью-Йоркто Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, Москванын Сирияга С-300 ракеталык системасын жөнөтүү чечимин талкуулоого даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу ал орус тараптын жарыясынан бир нече саат өтпөй билдирди:

- Орус тарап менен сүйлөшө турган темаларыбыз көп. Алардын катарында С-300 боюнча кабыл алынган чечим тууралуу маселе бар деп ишенем. Биз бирге иштеше турган багыттарды аныктоого аракет кылып жатабыз, бирок алар америкалык кызыкчылыктарга каршы аракеттенген учурлар да бар, - деди Помпео.

Орусия эки жума ичинде Башар Асаддын армиясына С-300 зениттик ракеталык комплекстерин берерин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 24-сентябрда билдирди. Мындай чечим Кремль бир жума мурда Сирияда орусиялык Ил-20 учагынын кыйроосуна Израилди айыптаган окуядан кийин кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG