Линктер

бейшемби, 17-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:32

Жээнбеков Нью-Йоркто "11-сентябрь" мемориалына барды


Сооронбай Жээнбеков мемориалдын алдында.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын Нью-Йорк шаарындагы 2001-жылы Дүйнөлүк соода борборунун талкаланган мунараларынын ордуна теракттын кесепетинен курман болгон адамдарды эскерүү үчүн орнотулган "11-сентябрь" Улуттук мемориалына гүл койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Жээнбеков Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясындагы жалпы дебаттарга катышуу үчүн келген.

Бул күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттары өтүп жатат. Ага 82 мамлекеттин башчылары жана 42 өлкөнүн премьер-министрлери катышууда. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG