Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Автоунаага жашынып чек арадан өткүсү келген адам кармалды


Кыргызстандын чек арачысы өткөрмө бекетте автоунааны текшерип жатат. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын чек арачысы өткөрмө бекетте автоунааны текшерип жатат. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасында автоунаанын арткы отургучунун түбүнө жашынып Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, “Акжол-автожол” көзөмөл өткөрүү бекетинин чек арачылары “Toyota Estima” үлгүсүндөгү автоунааны артынан шектүү нерсени байкап калышкан. Текшерүү учурунда жуурканга жашынып жаткан белгисиз жаранды тапкан.

Сурамжылоо маалында бекинген киши 33 жаштагы Кыргызстандын жараны экени такталып, ага тиешелүү органдар тарабынан өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганы белгилүү болду. Ал шарттуу түрдө соттолгондуктан айдоочу менен алдын ала акча берип макулдашып, Казакстанга өткөрүүнү убадалашканы аныкталды.

Шектүү менен айдоочу экөө тең кармалып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG