Кыргызстанда мыйзам бузуп же этика ченемдерин сактабай иштен алынган мамлекеттин кызматкерлердин көбү Ички иштер органдарында эмгектендер. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук жана аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик кадр кызматында ишенимди актабай же башка мыйзамдарды бузгандардын реестри жыл сайын түзүлөт. Ага жыл сайын 170тей адамдын аты-жөнү кирет.
- Бирок кызматкерлер эреже бузган учурда жетекчиси "арызыңды жаз" деп айтышат. Өз арызы менен кеткендер ал тизмеге кирбей калат. Биздин реестрге мыйзам бузганы үчүн кеткендер гана кирет,- деди Өмүрзаков.
Кадр кызматынын 2018-жылдын 1-январына карата эсебине ылайык, Кыргызстанда 17 847 мамлекеттик кызмат орду бар. Иштеп жаткандар 16 539 киши. Анын 42 пайызын аялдар түзөт. (BOr\SE)