Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Нидерландда теракт даярдоого шектелгендер кармалды


Нидерланддын полиция кызматкерлери. Амстердам. 31-август, 2018-жыл.
Нидерланддын полиция кызматкерлери. Амстердам. 31-август, 2018-жыл.

Нидерландда полиция бир катар террордук актыларды даярдаган деген шек менен жети адамды кармады. Бул тууралуу "Associated Press" агенттиги билдирди. Аларды кармоо боюнча атайын операция 27-сентябрда Аргем жана Верт шаарларында өткөрүлдү. Шектүүлөрдүн жанынан гранаталар, АК47 үлгүсүндөгү автоматтар жана бомба жасай турган заттар табылган.

Колго түшкөндөрдүн үчөө буга чейин да чет жактагы куралдуу топтордун катарында согушуу үчүн кетүүгө камданып жатышканда кармалышкан. Топтун ыктымал башчысы - 34 жаштагы түбү ирактык жаран буга чейин “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулуп кетүү аракети үчүн соттолуп чыккан.

Нидерланддын коопсуздук күчтөрү бул кармоолорго карабастан теракт коркунучу өлкөдө дагы эле сакталып жатканын билдиришти. Террордук коркунучтун деңгээли эң жогорку беш баскычтын төртүнчүсүнө көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG