Швейцариянын Женева шаарында "Чылымсыз келечек" аттуу эл аралык жыйын өтүп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чылым менен күрөшүү боюнча конвенциясынын жалпы жыйыны ушуну менен сегизинчи ирет өтүүдө. Ага Кыргызстандын Экономика министрлигинен эки, Саламаттык сактоо министрлигинен бир өкүл катышууда.
Жыйындын максаты - коомдук жайларда тамекиге тыюу салуу, чылым тарткандарга салыкты көбөйтүү, балдардын чылым тартуусун токтотуу жана жарнамага бөгөт коюучу жоболорду иштеп чыгуу.
Изилдөөлөргө караганда дүйнөдө жыл сайын 7 миллион адам тамеки чегүүдөн улам ар кандай ооруларга кабылып, көз жумат. Окумуштуулардын эсебинде, бир жолу өзүнө тамеки сатып алгандардын бери дегенде 61% бара-бара күн сайын тамеки тартып калат. (BCh)