Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Кыргызстанда пенсия жана дарыгерлердин айлыгы көбөйөт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбеков менен пенсияларды жана медиктердин айрым категорияларына айлыктарды жогорулатуу маселеcин талкуулаган учурда билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 1-октябрдан тарта орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% жогорулайт.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, өлкөдө 648 миң пенсионер бар. Пенсиясын жогорулатууга жалпы 744,4 млн. сом керектелет.

Мындан сырткары үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлык акылары жогорулайт. Медициналык кызматкерлердин айлыктарын жогорулатууга каражат республикалык бюджеттин эсебинен 2018-жылдын 1-октябрынан тарта каралды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG