Бүгүн, 2-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ар кайсы тармактарда иштеген 150дөн ашуун кишиге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков 31-август - Эгемендик күнүнө карата "Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Алардын арасында акын, «Азаттык медиа» мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгуловага "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам ыйгарылган. Мунун алдында 1-октябрда мамлекет башчы "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган "Эрдик" медалын анын ата-энесине тапшырды. (КЕ)